Жалпыга маалымдоо каражаттарында Алманбет Шыкмаматов жана Сыймык Жапыкеевге карата Башкы прокуратура жана Аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгондугу жөнүндө маалымат тараган. Кийинчерээк, Алманбет Шыкмаматов өзүнө карата кылмыш иши козголгонун SUPER.KG'ге тастыктады. Башкы прокуратура бул боюнча билдирүү жасады.