Бүгүн, 15-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетти. Мындан 3 жыл мурда дал ушул күнү президент болуп шайланган.
Президенттик шайлоо 2017-жылы 15-октябрда өткөн. Сооронбай Жээнбеков добуштардын 54,22 пайызы менен биринчи орунда болсо, ал эми экинчиде Өмүрбек Бабанов (33,83 пайыз) болгон.
Жээнбеков президенттик кызматка 2017-жылы 24-ноябрда киришкен.
Бүгүн ал отставкага кеткени тууралуу жарыя кылып, кайрылуу жасады. "Борборубуз Бишкектеги коомдук-саясий абал курч бойдон турганын көрүп турасыздар. Аны басаңдатуу максаты менен кечээ Жогорку Кеңеш өкмөттүн курамын бекитип, тиешелүү дайындоолор боюнча мен жарлык чыгарып, кол коюп бердим.
Тилекке каршы, агрессия дагы эле токтобой, менин токтоосуз отставкамды талап кылышууда. Азыркы кырдаал эки тараптуу кагылышуунун болуусуна жакындап калды. Бир жагында митингге чыккандар, бир жагында күч органдары турат. Эки тарап кагылышса, кан төгүлүп кетет. Мамлекеттик резиденцияны коргоо үчүн аскер кызматкерлери, күч органдары курал колдонууга милдеттүү. Эки тарапты тең провокацияга барбоого чакырам", - дейт ал.