Бүгүн, 15-октябрь Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында президент Сооронбай Жээнбековдун отставкага кеткен күнү катары калды. Эми анын ыйгарым укуктарын ким аткарат жана президенттик шайлооо качан орун алат?
Кыргыз Республикасынын Конституциясында өлкө башчынын мөөнөтүнөн мурда кетүүсү тууралуу төмөндөгүлөр жазылган.
68-берене.
- Ушул Конституцияда көрсөтүлгөн себептер боюнча президент өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда жаңы президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин төрагасы аткарат. Президенттин ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин төрагасы аткарууга мүмкүн болбогон учурда президенттин ыйгарым укуктарын премьер-министр же премьер-министрдин милдетин аткаруучу адам аткарат.
Мөөнөтүнөн мурда президентти шайлоо президенттин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өткөрүлөт.
- Президенттин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан кызмат адамдары Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоого, өкмөттү кызматтан кетирүүгө, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо президенттин кызмат ордуна талапкер болууга укуксуз.
(КР 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)