Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Транспорт жана жолдор министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына министр Бакыт Бердалиевди тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Новиков жолдор өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн негизи, ошондуктан жаңы министрдин алдында министрликтин натыйжалуу ишин камсыз кылуу менен ага көрсөтүлгөн ишенимди актоо милдети тургандыгын белгиледи.
Новиков Бакыт Бердалиев министрликтин ишин өркүндөтүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт, ошондой эле пландаштыруу тутумуна, жолдорду куруу жана оңдоо боюнча долбоорлордун сапатын көзөмөлдөөгө жаңы ыкмаларды колдоноруна ишенерин билдирди.