Бүгүн, 15-октябрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Кайрат Нурпеисовду кабыл алды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Казакстандын элчиси Казакбаевди тышкы иштер министри болуп дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгилик каалады.
Сүйлөшүү учурунда тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, алдыдагы кызматташтыкты талкуулашты. Казакбаев Кыргыз өлкөсүндөгү кырдаал акырындап турукташып, саясий процесстер конституциялык талаага келе баштаганын билдирди. Ал чет элдик, анын ичинде казакстандык инвестициялардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн керектүү чаралар көрүлөрүн белгилеген.
Жолугушуунун аягында эки тарап кыргыз-казак мамилелери мындан ары да өнүгө берерине ишеним артарын билдиришти.