Сооронбай Жээнбеков: "Иш болгон жерде кемчиликтер болду. Сиздерден кечирим сурайм"

Бүгүн, 16-октябрда Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында сүйлөдү.

"Жүздөгөн мекендештерим тынчсыздануусун билдирип, кеңештерин айтышты. Баарыбыз үчүн өлкөдөн өткөн дөөлөт жок экендигине дагы бир ирет ынандым. Биздин жарандык коом күчтүү жана ачык деп буга чейин айтып келгем.
Жарандык коом менен массалык маалымат каржаттарынын ушул күндөрдөгү аракеттери, “Кыргызстан - укуктук өлкө” экендигин далилдөөгө багытталды. Мына ушундай жарандык позицияңар үчүн баарыңарга ыраазычылыгымды билдирем. Опурталдуу күндөрү коомдук тартипти сактаган элдик дружиналар – чыныгы каармандарыбыз болуп калды. Алар Бишкек шаарынын тургундарынын терең сый урматына татыктуу. Учурдан пайдаланып, Кыргыз өлкөсүнүн тагдырына кайдыгер карабаган өнөктөштөрүбүздүн, анын ичинде Орусия Федерациясынын, Казакстандын, Америка Кошмо Штаттарынын, Улуу Британиянын, Бириккен улуттар уюмунун, Евробиримдиктин жана ТүркПАнын жетекчилигине ыраазычылык билдирем.

Урматтуу мекендештерим!
"Мамлекеттин башына эң кыйын учур келгенде, жоопкерчиликти таштап кетип калууга акысы жок" деген элдин үнүн угуп, бул күндөрү болгон аракетимди жумшадым. Мен үчүн - өлкөбүздүн бүтүндүгү, элибиздин биримдиги, коомубуздун ынтымагы бардык кызмат ордунан бийик. Ар бир жараныбыздын ден соолугу, ар бир мекендешимдин өмүрү – баарынан кымбат. Өлкөбүздө тынчтыкты сактап калуу, элди бөлүп-жарбоо максатында президенттик кызматтан кетүү чечимин кабыл алдым. Албетте, бул чечим коомчулук тарабынан ар кандай кабыл алынууда. Бул туура чечимби же жокпу тарых жана убакыт таразалайт. Кудай алдында, кадырлуу журтумдун алдында жүзүм жарык. Ушул курак, ушул кызматка жеткенге чейинки топтогон тажрыйбамды мындан ары да элим үчүн колдон келишинче жумшайм. Албетте, бүтпөй калган иштер калды. Буга ичим ачышпай койбойт. Аткарылчу дагы милдеттер көп эле. Ар бир президенттин чоң кыялы, максаты болот экен. Менин амбициялуу максатым – Кытай-Кыргыз-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору эле. Бул долбоор боюнча жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр болуп, саясий чечим кабыл алынган. Эксперттер ишке киришип, маселе ордунан жылган. Билесиздер, бул долбоор Кыргыз мамлекетинин келечеги үчүн аба менен суудай зарыл. Бийликке келе жаткан азаматтарга ушул ишти улантуу аманатын калтырып кетип жатам. Кудайдын колдоосу менен ушул долбоордун ишке ашуусун тилейм. Ийгилик каалайм.

Урматтуу мекендештерим!
Иш болгон жерде кемчиликтер болду. Алар үчүн, кадырман элим, сиздерден кечирим сурайм. Ар бир мекендешиме ден-соолук жана бакыт-таалай тилейм. Ар бир үйдө жакшылыктар көп болсун. Үч жылдык ишимде мага ишеним көрсөтүп келген мекендештериме, чогуу иштешкен бардык бийлик бутактарына, мамлекеттик жана жергиликтүү органдарга, өзүмдүн аппаратыма, жарандык коомго жана медиа тармагына терең ыраазычылыгымды билдирем. “Эки тизгин, бир чылбырды колго алып жаткан” жаңы бийликтин ишине ийгиликтерди каалайм. Баарыбыздын тагдырыбыз жалгыз гана Кудайдын амиринде", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан