Сооронбай Жээнбеков: "Бул туура чечимби же жокпу тарых жана убакыт таразалайт"

Бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөдү.

"Мен үчүн ар бир жараныбыздын ден соолугу, ар бир мекендешимдин өмүрү – баарынан кымбат.
Өлкөбүздө тынчтыкты сактап калуу, элди бөлүп-жарбоо максатында президенттик кызматтан кетүү чечимин кабыл алдым. Албетте, бул чечим коомчулук тарабынан ар кандай кабыл алынууда.
Бул туура чечимби же жокпу тарых жана убакыт таразалайт. Кудай алдында, кадырлуу журтумдун алдында жүзүм жарык. Ушул курак, ушул кызматка жеткенге чейинки топтогон тажрыйбамды мындан ары да элим үчүн колдон келишинче жумшайм. Албетте, бүтпөй калган иштер калды. Буга ичим ачышпай койбойт. Аткарылчу дагы милдеттер көп эле. Ар бир президенттин чоң кыялы, максаты болот экен. Менин амбициялуу максатым – Кытай-Кыргыз-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору эле.
Бул долбоор боюнча жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр болуп, саясий чечим кабыл алынган", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан