Бүгүн, 16-октябрда депутат Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында сөз сүйлөдү. Ал Камчыбек Ташиевдин азыркы ролу тууралуу айтып, аны "дос секретарь" деп атады.
"Камчыбек Ташиев досун түрмөдөн гана бошотпостон, аны саясий олимптин чокусуна алып чыгууга чоң салым кошту. Ал достуктун үлгүсүн көргөздү, бүгүн да экөө эгиз козудай ээрчишип жүрүшөт. Эл буга да суроо салышууда. Мен бүгүн Ташиевдин кызматын "дос секретарь" деп айтар элем.
Дос секретарды алмаштырсаң болот, бирок андан кутула албайсың. Ушул кезге чейин Атамбаев, Бакиев, Жээнбековдун трагедиясынын негизги себеби эбегейсиз бийликти өз колдоруна жыйнап, анын үзүрүн эл эмес, жакын туугандары көргөндүгү болгон. Аларды жарга жакындары, достору түрткөн. Бул бүгүнкү бийликке, айланадагы ишенген командага чоң сабак болушу керек. Ошондуктан Ташиевдин жоопкерчилиги Садыр Жапаровдукунан кем эмес", - деди Текебаев.