Депутат Рыспаев: "Президент катары өзүнүн антын аткара албаган үчүн ушундай көйгөй чыгып жатат"

Бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутат Кожобек Рыспаев сөз сүйлөдү.

"Түшүнүп турабыз, кырдаал оор. Ушул учурда биз калыс болушубуз керек. Мен Сооронбай Жээнбековдун жакшы инсан, ыймандуу адам экенин билем. Президент катары өзүнүн антын аткара албаган үчүн ушундай көйгөй чыгып жатат. Коррупционерлердин, мүлктөрүн жашырып алгандар экономика өспөй жаткан үчүн эл көчөгө чыгып жатат.

Садыр Жапаровго кайрылам кошоматчылардан алыс болуңуз. Кедейчилик жоюлганда мындай сабактар болбойт. Биз бардык мыйзамдуу кадамдарды колдойбуз", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан