Эки тизгин бир чылбырды колго алган Садыр Жапаровдун өмүр баяны

Кечээ, 15-октябрда президенттин да, премьер-министрдин да кызматын аткара турганын айткан Садыр Жапаров 1968-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Кең-Суу айылында туулган.

1986-жылы орто мектепти аяктап, ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы Дене тарбия жогорку окуу жайына өткөн.

1987-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1989-жылга чейин Новосибирск шаарында радиотелеграфисттер бөлүмүнүн командири болуп кызмат өтөгөн.

"Советтик Армиянын отличниги" деген наам алган. 1989-жылдан 1991-жылга чейин кайрадан Дене тарбия институтунда билим алуусун уланткан.

Экинчи жогорку билимин, Кыргыз-Орус Славян университетинде алып, аталган университеттин юридикалык факультетин ийгиликтүү аяктаган.

Эмгек жолу:

1991-1994-жылдары дыйкан чарбанын жетекчиси болуп эмгектенген;

1994-1996-жылдары Каракол шаарында жайгашкан "Керкей" ишканасынын башчысы;

1996-1997-жылдары Ысык-Көл облустук ИИМдин атайын ротадагы инспектору;

1997-2001-жылдары Мунай зат ташыган "Гузель" компаниясынын башкы директору;

2001-2005-жылдары Балыкчы шаарындагы "Нурнефтегаз" мунай компаниясынын башкы директору;

2005-2007-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты, "Келечек" фракциясынын жетекчиси;

2006-жылы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын мүчөсү;

2007-жылы Мунапыс берүү боюнча комиссиянын жетекчисинин орун басары;

2008-2010-жылдары Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттигинин комиссары;

2010-2013-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты, соттук-укуктук маселелер боюнча комитеттин жетекчиси.

2017-жылы 25-мартта Садыр Жапаров кыргыз-казак чек арасынан өзү чет өлкөдөн кайтып келе жатканда кармалган. Экс-депутат 2013-жылы октябрда Кумтөр маселесине байланыштуу Караколдо болгон митингде ошол кездеги Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган деп айыпталып, сот 10 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

2017-жылы сентябрда Жапаровдун атасы Нуркожо Мустали уулу каза болуп, Садыр Жапаров топурак сала албай калган. 2019-жылы мартта апасы Кадича Жапарова көз жумса, август айында уулу Дастан жол кырсыгына кабылып каза болгон. Апасы менен уулуна топурак салууга уруксат берилген.

Сыйлыктары:

2009-жылы сиңирген эмгеги жана Ысык-Көл облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясынын медалы менен сыйланган.

2010-жылы “Сиңирген эмгеги үчүн” Орусиялык Афганистан ардагерлер Союзунун атынан Ата Мекендин жана Ата Журттун алдындагы “Сиңирген эмгеги үчүн” медалы менен сыйланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан