"Бир адам Жогорку Кеңешке эки жолудан ашык депутат боло албайт деген норманы киргизиш керек" деп бүгүн, 16-октябрда парламенттин кезексиз жыйынында депутат Төрөбай Зулпукаров билдирди.
Ал шайлоо боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу оюн айтты.
"Мен буга чейин босого чегин 11 пайызга көтөрүш керек деп айткам. Бул оюмдан кайттым. Себеби элдин талабы ушундай экен. Босого чектик пайызды түшүргөн туура эле болот. Мыйзамга өзгөртүү киргизишибиз керек. Жогорку Кеңештин депутаты эки жолудан ашык депутат боло албайт деген норманы киргизип койсок жакшы болмок. Ошондо таза шайлоо болуп жаштарга жол ачылат", - деди ал.