Бүгүн, 16-октябрга карата коронавирус инфекциясы жана пневмония менен жабыркаган бейтаптар үчүн Бишкек шаарындагы медициналык жайларда 138 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Тизмеде:
Кыргыз-Түрк достук ооруканасында - 2;
Улуттук фтизиатрия борборунда - 4;
Темир жол ооруканасында - 47;
Улуттук хирургия борборунда - 13;
Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында - 73;
Улуттук госпиталда – 0.