АКШда 25-майдан бери өтүп жаткан нааразычылык акциясынан улам өлкөдө коронавирус инфекциясы дагы күч алышы мүмкүн. Чет элдик эксперттердин айтымында, АКШдагы бул баш аламандыкта коронавирус инфекциясы сөзсүз түрдө күч алат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Нааразычылык акциясы күч алган Миннесота штатынын башчысы Тим Волтз акцияга катышкандарды коронавирус инфекциясынын "супер таратуучулары" деп атады. Анын айтымында, мындай жоопкерчиликсиз аракеттердин натыйжасында жакын арада АКШда коронавирус оорусунун жаңы толкуну келип чыгарын айткан. "Бул сөзсүз болот" деген Волтз.
АКШда коронавирус инфекциясы 1 миллион 811 миң 357 адамдан аныкталды. 105 миң 147 адам каза болсо, 458 миң 231 бейтап айыгып чыкты.