Бишкек шаарында клексан дарысын кымбат баада сатууга аракет кылган алып-сатар кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.
"Мыйзамсыз иш-аракетти аныктоо максатында шаардагы соода борборлорунун биринин жер төлөөсүндөгү унаа токтотуучу жайында клексан дарысын контролдук сатып алуу операциясы жүргүзүлгөн.
Анын жүрүшүндө шектүүнүн унаасынын багажында аталган препараттын 50 таңгагы бар экени аныкталган. Алып-сатар дарыны жогорулатылган баада сатууга аракет кылган. Учурда ал кармалып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Клексан дарысын кайсы жактан сатып алганы такталууда", - деп айтылат маалыматта.