Азыркы учурда дүйнөнүн ар кайсы бурчунда түрдүү тармакта эмгектенип жаткан мекендештерибиздин саны арбын. Алар медицина, туризм, байланыш, IT жана башка көптөгөн тармактарда эмгектенип келишүүдө. Башка өлкөдө ишкерлик жүргүзсө дагы Кыргыз жарандарынын чоң жакшылыктарга себепчи болуп келишкени кубантарлык.
Лира Жолчиева тууралуу:
— Саламатсызбы, алгач өзүңүз тууралуу кенен маалыматтарга орун берсек...
— Ата-энем бизди кичинебизден эмгекке, тазалыкка, тартипке, билимге, адеп-ахлакка басым жасап тарбиялады. Окууну да окуп, талаа-жумуштарын да жасап, мал да бактык. Атам жаштайынан эл башкарып, көп жыл мамлекеттик кызматтарда эмгектенди. Карапайым элдин түйшүгүн көтөрүп, ар дайым эл менен тыгыз мамиледе болуп, бекем тартип, адилетүүлүк менен маселе чечээр эле. Бизди да темирдей тартип менен чоңойтту десем жаңылышпайм.
Апам өтө мээнеткеч, тамакты түрлөп жасаган, колунан көөрү төгүлгөн, үй десе үй, талаа десе талаа жумуштарын катыра жасаган, өтө зирек, даанышман аял. Бизге талыкпай, ар түрдүү жомокторду, аңгемелерди айтып берер эле. Үйдө том, том китептер, гезит-журналдар тизилип турчу. Ошолордун баарын барактап, билимге кызыгып чоңойдук. Көрсө, ата-энем бизди табиятты сүйүүгө, өзүнчө жашоого, башкалар менен мамиле курууга, активдүүлүккө үндөгөн тура.
Лицейде билим алдым. Лицей - мен үчүн дүйнөгө карай ачылган эшик. Себеби лицейде англис, түрк тилдерин мыкты өздөштүрдүк. Дээрлик бардык сабактарды англис тилинде окудук. Лицейди ийгиликтүү аяктап, мугалимдеримдин сунушу менен Кыргыз-Түрк "Манас" университетине тапшырдым. Университетте окуп жүрүп, түрк тектүү калктардын тилин, адабиятын, тарыхын, динин, этнографиясын, фольклорун, руханий жана материалдык маданиятын жакындан изилдедик. Белгилүү профессор агай, эжейлерден сабак алдык. Түрк, казак, монгол, уйгур, хакас, тува жана башка улуттагы досторду таптым.
— Түркиядагы ишкерлигиңиз жөнүндө айтсаңыз. Ал жакка барганыңызга канча убакыт болду?
— Ишкерликке бир канча баскычтардан өтүп анан келип калдым десем жаңылышпайм. Анан да атамдан мурас катары өткөн элге кызмат кылуу сезими да ишкерликке келүүмө чоң ролду ойноду десем да болот. Учурда медицина жаатында иштеп, чет элдик жарандардын Түркияда дарыланууларын уюштуруп, акысыз кызмат көрсөтүп келе жатабыз.
Акыркы 10 жылдыкта Түркиянын медицинасы дүйнөлүк деңгээлге көтөрүлдү. Эң алдыңкы 5 өлкөнүн катарына кирди. 48 клиникага "JCI" компаниясы тарабынан аккредитацияланган сертификат берилди. Бул деген жогорку деңгээл, сапаттуу жана коопсуз медициналык кызмат, докторлордун квалификациясы дегенди түшүндүрөт. Ошондой эле Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги медицинаны өнүктүрүү үчүн 30 миллиард доллар жумшаганын маалымдады. Ал эми дарыгерлерге АКШ жана Европада тажрыйба алмашуу боюнча мамлекет тарабынан тынымсыз финансылык колдоо көрсөтүлүп келет. Эң башкысы, бейтаптарга жакканы, ыңгайлуу баа. Ошол эле дарылануу, ошол эле диагностика Израиль жана Германияга салыштырмалуу 30-50 пайызга арзан. Ар бир оорулууга дарылануусу боюнча протокол (өз ичине аэропорттон трансфер, текшерүү, дарыгерлердин консультациясы, дарылануу процедуралары, ооруканага жайгаштыруу жана котормо иштерин) камтыйт. Ошондой эле Түркияда Кыргыз жарандарына 90 күн виза керектелбейт. 2 жылдан бери медицина жаатына басым жасап, изилдеп-окуп, бул жаатта "Компас" медициналык туризм компаниясын түптөп, учурда жакшы иштерди алып баруудабыз.
Ал эми Түркияга келип жашап калганыма 7 жылдын жүзү болду.
— Компания тууралуу дагы айтып өтсөңүз. Компания кандай кызмат көрсөтөт?
— Компаниябыз сапаттуу жана жогорку деңгээлде медициналык кызмат көрсөтөт. Максаты - ар бир жаранды сапаттуу медицина менен камсыз кылуу жана алардын ооруларына жараша туура оорукана жана туура дарыгер тандап берүү. Мындан сырткары оорукана тандоодо жана дарылануу иштерин уюштурууда акысыз жардам берет. Компания азыркы тапта Түркиянын эң алдыңкы 45 ооруканасы, 10 миңдеген дарыгерлер кызматташат жана Түркиянын эң күчтүү дарыгерлери менен иш алып барат.
— Жылына сиздин компанияңыздын көмөгү менен канча мекендештерибиз дарыланып келишет?
— Биз ушул күнгө чейин Кыргыз өлкөсү, Орусия, Германия, Молдавиядан келген оорулууларга кызмат көрсөттүк. Ал эми Кыргыз өлкөсүнөн көпчүлүгү оор оорулар менен кайрылышат. Алар: онкологиялык, нейрохирургиялык оорулуулар, боордун циррозу, бөйрөк жетишсиздигинен жабыркагандар, көз ооруулары жана жөн гана ден соолугуна кам көрүп, толук медициналык текшерүүдөн өткөндөр. Дегеле бардык багыттагы оорулуулар кайрылышат. Жакында эле тубаса кулагы укпаган үч мекендешибизге Кохлеарная имплантация операциясын Түркиянын мамлекеттик ооруканаларынын биринде ийгиликтүү ишке ашырдык. Эми алар угуп, сүйлөп башташат. Учурда боордун циррозунан жабыркап келген 4 оорулуу мекендешибиздин экөөнө боорду алмаштыруу операциясы ийгиликтүү ишке ашып, ал эми экөө операцияга даярданышууда. Ошондой эле бөйрөк жетишсиздигинен жабыркап келген дагы бир мекендешибизге бөйрөктү трансплантациялоо операциясы ийгиликтүү жасалып, учурда операциядан кийинки текшерүүлөрдөн өтүп жатат. Пластикалык хирургия багыты боюнча келген мекендештерибиз да бар. Чач эктирүү, төрөттөн кийин калыбына келүү, абдоминопластика, ичтин липосакциясы сыяктуу.
— Айтсаңыз, медицина тармагында ал жактагыдай деңгээлге жетиш үчүн бизге эмнелер жетишпей жатат?
— 2020-жылдын башынан тартып, бүтүндөй дүйнөнү коронавирус илдети каптады. Бул илдет ар бир өлкөнүн медициналык деңгээлин ашкерелеп койду десек жаңылышпайбыз. Түркия мамлекетинин медицинасы күчтүүлүгү жагынан жана бул илдет менен күрөшүүдө колдонгон стратегиясы менен бүтүндөй дүйнөгө өрнөк боло алды. Европа өлкөлөрү алсырап жатканда, Түркиянын колдонгон стратегиясы алкышка арзып жатты. Бул учурда Түркия мамлекети эл аралык Стамбул аэропортуна чоң, толугу менен дүйнөлүк стандартка жооп берген, акыркы технология менен жабдылган 2 миң 700 орундуу оорукана ачты. Түркия мамлекети, акыркы 20 жылдан бери медицина тармагын өнүктүрүү үчүн 10 миллиарддай акча жумшаган. Азыркы учурда бүтүндөй дүйнөнүн саламаттыкты сактоо борборуна айлануунун астында турат.
Тилекке каршы, Кыргыз өлкөсүнүн медицинасы оор абалда. Баарыбызга маалым болгондой, пандемия учурунда ооруканалардын, дарыгерлердин, дары-дармектердин жетишсиздигинен жабыркадык. Менин оюмча, мамлекет ушул учурдан сабак алып, элдин коопсуздугу, саламаттыгы баарынан бийик турат деген теманын алкагында, медицинаны өнүктүрүү үчүн атайын бюджеттен финансы каражаттарын бөлүп, буларды туура координациялоосу керек.
— Ишкерлик кантип башталат? Чыныгы ишкер болуш үчүн кандай сапаттар керек?
— Ар бир ишкерлик каалоо жана максаттан башталат. Ал эми чыныгы ишкерлик жаратмандыкты талап кылат. Чыныгы ишкер коомдун талабын жакшы билет жана талапка жараша кызмат көрсөтөт. Чыныгы ишкер сапаттуулукка маани берет. Ал үчүн сапаттуу кызмат, кардарлардын канааттануусу баарынан бийик турат. Чыныгы ишкер - бут тосууларга маани бербейт. Ал ар дайым алдыга карай өнүгүүнүн жолунда жүрөт. Чыныгы ишкер өзүн гана ойлобой, бүтүндөй элдин камын ойлойт!
— Маегиңизге чоң рахмат! Иштериңизге ийгилик!