Бүгүн, 20-октябрда партия өкүлдөрү жана жарандык коом шайлоону талкуулап жатышат.
Депутат Өмүрбек Текебаев кийинки шайлоодо узурпацияга жол бербөө керектигин айтты. "Узурпация деген - күч колдонуу. Мындай учурда эркин шайлоо боюнча сөз болушу мүмкүн эмес. Ошондуктан эл шайлоого нааразы болуп чыкты. Кийинки шайлоолордо мындай нерселерге жол бербөө керек. Буга баарыбыз жардам беришибиз зарыл. Мындай шартта босого чектин пайызы төмөн болушу керек. 1 же 3 пайыз болушу абзел. Шайлоо күрөөсүн дагы түшүрүү шарт", - деди Текебаев.