Бекназаров Ташиевге: "Матраимовду кармасаңар анын башында тургандарды кошо кармагыла, ал болгону бир "солдат"

Кыргыз өлкөсүнүн Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге видео кайрылуу жасады.

"Камчы иним, сен Раимбек Матраимовду камайм деп айттың. Эгерде сен объективдүү, калыс камайм десең, анда Алмазбек Атамбаев менен Кубанычбек Кулматовду кошо камашың керек. Мен Матраимовго болушкан жокмун. Менин позициямды билесиң, Атамбаев менен 2010-жылкы телефон аркылуу сүйлөшүүмдү уккансың, аны өзүң айткансың. Ошондуктан бул коррупциялык систем, бул эл аралык масштабдагы коррупция. Ал эми Матраимов болгону ошол системдин бир аскери. Анын атамандары Орусиянын кең талаасында, кең элдик базарларында жатат. 7 жыл бою аны коргоп келген Атамбаев отурат. 10 жыл мурунку Алмазбек Шаршенович экөөбүздүн сүйлөшкөнүбүздү дагы бир жолу көрүп кой. Анда мен эскерткем. Атамбаев 2017-жылга чейин отурду, Кулматов "тамашоуну" эки жолу жетектеди. Матраимов болгону анын 4 орун басарынын бирөөсү.

Эмне үчүн Бажы кызматынын төрагасы жоопко тартылбайт? Эмне үчүн ошондогу президент коррупциялык иштерге бөгөт койбойт? Ал эми төраганын 4 орун басарынын бирөө гана жоопко тартылат? Президентсиз, Бажы кызматынын төрагасыз ошол жердеги бир дагы орун басар мындай чоң эл аралык баскычтагы коррупцияны ишке ашыра алабы? Жок, кыла албайт, аны сен жакшы билесиң. Эгерде сен калыс тергөө, калыс сот өткөрөм десең, ар тараптуу иштегиле. Москвадан Кулматов учуп келип, Атамбаевдин жанында аянтка чейин келди. Ошолорго чара көргүлө, ошолор жоопко тартылсын. Бирок алдын ала кармалып, тергөө жүргүзүлүп, андан соң камалышы керек.

Мындан 2-3 жыл мурда Атамбаевди Жээнбековго дагы айткам. "Ай ушуну үй камагына чыгарып койбойсуңарбы" деп. Ал эми Өмүрбек Текебаев кармалганда дагы Атамбаевге "ушуну камабай эле, үй камагында эле калтырбайсыңарбы" деп. Силер камалганда дагы "жөн жерден эле ушул патриот балдарды камап жатасыңар" дегем. Камайм деген сөздү айтпагыла, кармайбыз, тергөө жүргүзөбүз, чара көрөбүз деп сүйлөгүлө.

А эгерде мыйзамга ылайык, Матраимовдун коррупциялык иши дегенди чындап эле текшерем десеңер, Кыргыз өлкөсүнүн жогорку бийлиги президентке чейин барып такалат. Мен суранам, ар тараптуу болгула. Коомдо баланчаны камагыла деп көбүрөөк кыйкырып койсо, ошол публиканын колундагы куралга айланбагыла. Силер мамлекетчил, мыйзамчыл болгула. Колунда фактысы жок эле "кама" дегендерге барып түшүндүргүлө "текшеребиз, иликтейбиз, объективдүү тергейбиз, анан камайбыз" дегиле. Мен мунун башынан өткөргөн киши катары айтып жатам. Камайм деп силерди Алмазбек Атамбаев каматкан. Ошондо айланаңда 2-3 киши калган - Жылдызкан Жолдошева, Шарабидин Токтосунов (жактоочу, досуң) жана коомдук саясий ишмерлерден мен барып коргогом. Башка досторуң качып кеткен. Бүгүн айланаңды карачы, кимдер отурат? Муну мен бийликтин баш айлантма оорусу деп айтам, сак болгула", - деди ал кайрылуусунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан