Ухан вирусу: Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 40 миллион 557 миң 757ге жетти

Бүгүн, 21-октябрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 40 миллион 557 миң 757 болду. Анын ичинен 27 миллион 935 миң 328 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, 1 миллион 123 миң 203 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 8 миллион 124 миң 211 адамдан коронавирус аныкталды. 220 миң 940 адам каза болсо, 3 миллион 295 миң 148 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 7 миллион 597 миң 63 адамдан аныкталды. 115 миң 197 адам каза болсо, 6 миллион 733 миң 328 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Аталган өлкөдө 5 миллион 273 миң 953 адам вируска кабылган. 154 миң 837 бейтап көз жумса, 4 миллион 526 миң 393 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан