Бишкек шаарындагы коомдук тамактануучу жайлар көрсөтүлгөн санитардык эрежелерди сактабаса жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев онлайн брифинг учурунда айтты.
“Эгерде базардан сырткары, кафе, ресторан, кичи кафелер, кальян барлар, башкача айтканда элге тамак берген жайлар биз берген алгоритмдин негизинде иштебесе, биз алардын ишмердүүлүгүн кечки саат 22:00дөн таңкы 05:00гө чейин шаардагы бардык аймактарга дезинфекция иштерин жүргүзүү үчүн жабышыбыз мүмкүн”, - деди Балбак Түлөбаев.