Коронавирустан дагы беш киши каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бейтаптардын үчөө Бишкек шаарында, экөө Баткен облусунда дарыланып жатышкан.
Муну менен вирус тарагандан бери каза болгондордун жалпы саны 1 миң 118ге жетти.