Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин саны 5ке өстү. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин билдирүүсүнө ылайык:
Алардын экөө Бишкекте, бирөө Ысык-Көлдө, экөө Чүйдө катталды. Республика боюнча COVID-19 жана пневмония илдети жалпысынан 6 миң 777 медицина кызматкеринен аныкталды.
Акыркы суткада стационардан 3 дарыгер, үй карантинден 7 медицина кызматкери айыгып чыкты. Жалпысынан 6 миң 486 кызматкер айыкты.