Курманкул Зулушев башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун ишмердүүлүгү боюнча кандай баа берерин айтты

Бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун кызматтан кетүү боюнча арызы каралды.

Депутат Курманкул Зулушев Жамшитовдун ишине кандай баа берерин айтты.

"Мен ишти билбей туруп баа бере албайм. Ал прокурор катары өз ишин аткарды. Саясий иштерге гана кош көңүл мамиле кылды. Мындай прокурорлук ишин жакшы аткарды", - дейт депутат Курманкул Зулушев.

Буга чейин аталган кызматка Курманкул Зулушевдин талапкерлиги сунушталып жатканы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан