Бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңеште башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун кызматтан кетүү арызы каралды.
Бул боюнча баяндаманы президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү жасады. Жыйынтыгында депутаттар сунушту колдоду.
Буга чейин бул кызматка депутат Курманкул Зулушев сунушталып жатканы айтылган.