Бүгүн, 22-октябрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 41 миллион 118 миң 64 болду. Анын ичинен 28 миллион 36 миң 391 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, 1 миллион 129 миң 185 адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 8 миллион 330 миң 484 адамдан коронавирус аныкталды. 221 миң 990 адам каза болсо, 3 миллион 295 миң 148 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 7 миллион 651 миң 107 адамдан аныкталды. 115 миң 914 адам каза болсо, 6 миллион 795 миң 103 бейтап айыкты.
Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Аталган өлкөдө 5 миллион 273 миң 954 адам вируска кабылган. 154 миң 837 бейтап көз жумса, 4 миллион 526 миң 393 бейтап оорудан сакайды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.