Казакстандын Уральск шаарында 9 кабаттуу үйдүн чатырында баласын коляска менен сейилдетип жүргөн кишинин видеосу тарады. Видеого тарткан адам "Мына Уральск шаары, Захаров көчөсү 3. Карантин, көчөгө чыгууга болбойт. Эркек киши коляскасы менен 9 кабаттуу үйдүн чатырында баланы сейилдетип жүрөт. Ал жакта коронавирус деген коркунуч жок. Бизге баары бир, мына бала менен сейилдеп жүрөбүз", - деген.
Уральск шаарынын полиция башкармалыгынын жетекчиси Жантемир Иманалиев аталган факты полицияда катталганын жана сейилдеген мырза менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрүн билдирген.