Орусиянын 83 аймагынан акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясы 8 миң 404 адамдан аныкталды. 216 адам каза болсо, 10 миң 386 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталгын адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 1 миң 195;
Москва облусунда - 735;
Санкт-Петербург шаарында - 313;
Нижегород облусунда - 304 адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 493 миң 657 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 6 миң 358 адам каза болсо, 252 миң 783 бейтап айыгып чыкты.