Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Ош шаары – 2;
Ош облусунда – 2;
Баткен облусунда – 2.
Ал эми бир суткада стационардан 8, үй карантининен 12 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында – 3561 кызматкерден катталса, алардын ичинен 3220 медкызматкер айыгып чыкты.