Казакстандын Павлодар облусунда 83 жаштагы жаран коронавирустан каза болду. Муну менен каза болгондордун саны 8ге жеткенин ыкчам штабдан кабарлайт деп жазышат казак басылмалары.
Маркум 1936-жылы туулган, ал 8-апрелде орто оор абалда ооруканага түшүп, ага пневмония диагнозу коюлган. Эртеси күнү андан алынган тесттин жыйынтыгы коронавирус бар экенин аныктаган.
"Каза болгон жаран 2016-жылдан бери астма, бронхит, жүрөк оорусу, өнөкөт өпкө илдети, үчүнчү даражадагы артериалдык гипертензия диагноздору менен оорукананын каттоосунда турган. Бул оорулардын баары бейтаптын абалын оорлоштуруп, өлүмгө алып келген", - деп айтылат маалыматта.
Казакстанда ооругандардын жалпы саны 781ге жетип, анын 60ы айыгып чыкты.