Бүгүн, 22-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыйын "Ала-Арча" резиденциясында саат 14:00дө болот. Кечээ, 21-октябрдагы жыйында жаңы депутаттар ант беришип, башкы прокурор, айыл чарба министри шайланган.
Бүгүн президенттик шайлоонун күнүн белгилөө, шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору экинчи, үчүнчү окууда каралышы күтүлөт.