Садыр Жапаров жаңы башкы прокурор Курманкул Зулушевди прокуратура органдарынын эмгек жамаатына тааныштырды

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда жаңы башкы прокурор Курманкул Зулушевди көзөмөлдөөчү мекеменин эмгек жамаатына тааныштырды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Садыр Жапаров Курманкул Зулушевдин прокуратура жана сот системинде көп жылдап иштеп келген кесипкөйлүк тажрыйбасын белгиледи.

Президенттин милдетин аткаруучу анын топтогон тажрыйбасы жана билими прокуратура органдарына жүктөлгөн негизги милдеттерди аткарууга жардам берет, ал эми жеке түзүм жаңы жетекчиге ар тараптуу колдоо көрсөтөт деген ишенимин билдирди.

Ал прокуратура акыйкаттыкты жана мыйзамдуулукту орнотуудагы негизги орган экенин баса белгиледи.

"Акыйкаттык болбогон өлкөдө эч качан өнүгүү болбойт, андыктан сиз ушул маанилүү иште мамлекеттин таянычы болушуңуз керек. Мамлекеттин негиздери өзгөрүүсүз калууга тийиш", - деди Садыр Жапаров Башкы прокуратуранын кызматкерлерине кайрылып жатып.

Ал Курманкул Зулушевге аталган кызматта ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде Башкы прокурор ага ишеним көрсөткөндүгү үчүн президенттин милдетин аткаруучуга ыраазычылыгын билдирип, ага берилген милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында Курманкул Зулушевдин талапкерлиги Башкы прокурор кызмат ордуна жактырылган.

Кечээ Садыр Жапаров өзүнүн жарлыгы менен аны Башкы прокурор кызматына дайындаган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан