Кадрдык өзгөрүүлөр борбор калаанын мэриясында кайрадан орун алды. Айжан Чыныбаева борбор калаанын социалдык маселелер боюнча вице-мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Ал эми Нариман Түлеев борбор калаанын биринчи вице-мэри кызматынан бошотулуп, анын ордуна Алмаз Бакетаев кайрадан дайындалды.
"Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду" деп билдиришти мекемеден.
Айжан Чыныбаева 1978-жылы 11-апрелде Бишкек шаарында төрөлгөн. Борбордук Азиядагы Америка университетинин ишкердикти башкаруу адистиги боюнча аяктаган.
Андан кийин Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын мамлекеттик башкаруу жана укук багыты боюнча магистратураны аяктаган.
Белгилей кетсек, Айжан Чыныбаева "Бир бол" саясий партиясы менен парламенттик шайлоого депутаттыкка талапкер катары аттанып жаткан.
Ал эми Алмаз Бакетаев 1971-жылы 20-январда Талас шаарында туулган. 1993-жылы Фрунзе политехникалык институтун, 1995-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтун аяктаган.