Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде жаңы дайындоолор орун алды. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына мекеменин басма сөз кызматы тастыктады.
Ага ылайык, Кубанычбек Молдосариев киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча Координациялык борбордун, Айбек Шаменов Антитеррористтик борбордун директору кызматына дайындалышты. Эки кызмат орду тең Улуттук копсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басарлыгы менен барабар.
Тиешелүү буйрукка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон.