Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэри Ракматилда Асаналиев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, Ракматилда Асаналиев өзү берген арызынын негизинде Таш-Көмүр шаарынын мэри кызматынан бошотулганы маалымдалат.
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.