Депутат Талант Мамытов Жогорку Кеңеште Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, парламенттик кайра шайлоону жылдыруу жөнүндө долбоорлор иштелип чыкканын айтты. Бл тууралуу ал бүгүн, 22-октябрда журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, долбоор коомдук талкууга коюлду. "Парламенттик шайлоонун мөөнөтү автоматтык түрдө белгиленип калган. Кечээ БШК жарыя жасаган. Бүгүнкү коомдук-саясий кырдаалды, эпидемиологиялык жана экономикалык абалды эске алып, парламентти шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамдын айрым нормаларын токтото туруучу долбоорун иштеп чыктык", - деди ал.