Жогорку Кеңештин жыйыны белгиленген убакыттан 2 саат өтсө дагы баштала элек

Бүгүн, 22-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынынын өтүүсү күтүлүүдө. Жыйын саат 14:00гө белгиленген. Бирок азыркы учурга чейин баштала элек. Учурда депутаттар чогулууда. Кечээ, 21-октябрда дагы Жогорку Кеңештин жыйыны кворум жок бир канча убакыт кеч башталган.

Жыйында шайлоо тууралуу мыйзамына өзгөртүү киргизүү мыйзам долбоору каралат. Мыйзам долбоорундагы өзгөртүүлөрүнүн биринчиси - шайлоо босогосун 7 пайыздан 3 пайызга тѳмѳндѳтүү, экинчиси – форма 2ни алып салуу, үчүнчүсү – күрөөнү 5 миллион сомдон 1 миллион сомго азайтуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан