Кечээ, 8-ноябрда Египеттин Эль-Айят шаарына караштуу аймактан эки поезд кагылышып, 4 вагон темир жолдон чыгып кеткен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Каир - Асуан багытында бара жаткан поезддин вагону рельстен чыгып, аны экинчи тарапка багыт алган башка поезд келип сүзгөн. Анын кесепетинен дагы бир нече вагон оодарылып кеткен.
Акыркы маалыматтарга карганда, кырсыктан 7 адам каза болуп, жабыркагандардын саны 125ке жакындады.