Биз социалдык тармакта

Түркияда 2 Кыргыз жаранынын чыры өлүм менен аяктады

Түркиянын Стамбул шаарында кыргызстандык эки жарандын ортосунда чыр чыгып, анын кесепетинен 35 жаштагы аял киши каза болду. Бул тууралуу кечээ, 8-ноябрда Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугу билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 5-ноябрда Аксарай районунда болгон. Чыр-чатак учурунда 35 жаштагы жаран бычактан жаракат алып, каза болду. Ал эми кылмышка шектүү катары 32 жаштагы аял киши кармалды.

Учурда маркумдун сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлүп, Түркиянын укук коргоо органдары тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан