"Мурунку бийликтегилердин суранычын аткарбай же каяша айтып койгону үчүн гана отурат". Дүйшөнбек Зилалиевдин атасы Садыр Жапаровго кайрылуу жасады

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин атасы президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген куруучусу Текшербек Зилалиевдин кайрылуусу.

"Урматтуу Садыр иним, менин балам Дүйшөнбек мурунку бийликтегилердин суранычын аткарбай же каяша айтып койгону үчүн гана отурат. Анысы аз келгенсип, аялым экөөбүздүн 50 жылдан бери топтогон мүлкүбүздү жана төрт баламдыкын кошуп тапкандарыбызды конфискацияга тарттырып отурган убагым.

Аялым экөөбүз үй-бүлөлүк бизнести 1991-жылы 14 киши иштеген азык-түлүк дүкөнүн ижарага, кийин сатып алгандан баштаганбыз. Керек болсо ошол жылы алынган "Ак-Тилек" дүкөнүн баш кылып, бир топ мүлкүмдү 2020-жылдын 5-октябрындагы соттун чечими менен өкмөт эсебине алып коюшту. (1991-жылы Дүйшөнбек 18 жаштагы бала болчу)

1998-жылы Дүйшөнбек студент, биринчиси да студент, калган балдарым мектеп окуучусу болчу. Орточо эсеп менен аялым экөөбүздүн 300 миң долларга жакын кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрүбүз болгон. Алар төмөндөгү мүлктөр: 5 батир, эки жер тилкеси (8 сотыхтан), 5 бөлмөлүү 2 коттедж жана башка кыймылдуу мүлктөрүбүз болгон. Кийинки жылдары 5 унааны Бишкек-Ош каттамы үчүн ижарага берип иштетип келдим. Жогоруда аталган мүлктөргө 100 пайыз документтерим турса да сот аны эске албай, четке кагып салды.

2013-жылдын июль айына, тагыраагы Дүйшөнбек министр болгонго чейин бул сумма 600 миң долларга чамалап, суммалардын эсебин сотко бердим.

Айланайын, президент иним Садыр! Өзүң айткандай, акыйкатсыздыкты өз жон териңде тарттың, ушул кандай болсун? Бир балам Америкада 4 жыл, экинчи балам Орусияда 5 жыл кран айдап иштеп тапкандарын мага жөнөтүп жатышканын кыймылсыз мүлккө салдым, аягында минтип тарттырып отурам. Анын үстүнө ири суммада карыз алгам, убагында бербей калгандыктан азыркы убакытка чейин соттошуп жүрөм, соттошкон документтерди сот жигитке бердим реакция “нөл”.

Ушул жылдын 14-17-сентябрында 1 жарым миллион сом “Биримдик” партиясына төксүн, калганын шайлоодон кийин сүйлөшөбүз деген сунуш түштү. Уулумду дароо бошотсо мейли берейин дедим, жооп болбоду “мыйыгынан күлүп тим болду” дейт ортомчу.

УКМКдан Дүйшөнбекке "Алмазбек Атамбаевге 1 миллион доллар акча бергем деген көрсөтмө берсеңиз биз сизди бошотобуз, сиз күбө катары кетесиз" деген сунуш түшкөн. Сөзүм кур болбосун үчүн, мындан 1 жарым жыл мурунку кайрылуусу жалпыга маалымдоо каражаттарында бар. Мурунку бийликке да кайрылдым жооп болбоду, акыйкатты соттон күттүм бул жактан дагы акыйкатсыз чечим болду.

“Дүйшөнбек балам, таза иште, апаң экөөбүз топтогон мүлк деле жетишет” деп какшап келдим, баламдын таза экенине ишенем. Мамлекетке эч кандай зыян келтирген эмес, “бир тыйын бюджетке зыян жасаган” деген айыптоо жок тергөө менен да, сот тарабынан да Дүйшөнбектин мойнуна илинген жок.
Башкы прокурордун маалыматына ылайык, 21 кишиге мыйзамсыз байыган деген иш козголгонун уккам, менин баламдан бөлөгү эркиндикте. Бирок мен кайрылуумдун башында айтып кеткендей, уулум биринчиден, мурунку бийликтин суранычын аткарбай же каяша айтып койгону үчүн отурат. Экинчиден, Алмазбек Атамбаевге карата каршы көрсөтмө бербегендиги үчүн. Үчүнчүдөн, керектүү кишилерге сураган суммадагы акчаны бербегени үчүн. Төртүнчүдөн, илинчеги барларды 5-6 айдай суракка алып туруп эле кесип таштап жатпайбы. Дүйшөнбекти 1 жыл 10 ай сурашты, илинчеги жогунан судья Адылбек Эсенбаев ак жеринен кесип жибербейин деп ушунча созуп келди. Ал жигит 100 пайыз түшүндү, УКМК таап чыккан мүлктүн ээси атасы экенин билип, түшүнүп туруп, ага карабай күнөөлүү деп чечим чыгарды.

Суранарым, Дүйшөнбек Залалиевди үй камагына чыгарып, тактоо кагаздарын көтөрүп алып далилдөөгө мүмкүнчүлүк бериңиз.

Садыр иним, акыйкат чечимди бир өзүңдөн күтөм жана көзөмөлгө алууңду өтүнөм, сотторго бир чара колдонбосоң болбойт", - деп айтылат кайрылууда.

Мурдагы вице-премьер-министр 2020-жылдын 5-октябрь күнү Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен 9 жылга эркинен ажыратылган.

Окуянын чоо-жайы:

2018-жылы УКМК Зилалиевдин декларацияга киргизилбеген кыймылсыз мүлктөрү, банктык эсеби бар экенин аныктаганы тууралуу маалымат тараткан. 2019-жылы ага карата Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "жооптуу кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Дүйшөнбек Зилалиев 2010-жылдан 2017-жылга чейин төмөндөгү мамлекеттик кызматтарды ээлеген:

  • Коргоо кеңешинин катчылыгынын катчысынын орун басары;
  • Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин башчысы;
  • Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы;
  • Вице-премьер-министр;
  • Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы кызматтарын ээлеген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан