Саламаттыкты сактоо министринин орун басары азыркы учурда коронавирус туу чокусуна жеткенин айтты

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев азыркы учурда коронавирустун жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусуна жеткенин айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 28-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Коронавирус боюнча абал бир аз турукташкандай болду эле. Кээ бир мүчүлүштүктөрдөн акыркы эки күндө вирус жуктургандардын саны өсүп жатат. Бул жерде субъективдүү, объективдүү себептер бар.

Азыркы учурда коронавирустун жайылуу мөөнөтү боюнча туу чокуга чыктык. Өлкөдө 1594 кишиден вирус табылып, 1066 адам айыкты. Кошуна мамлекеттерге жана башка өлкөлөргө салыштырмалуу абалды туруктуу кармап калдык",
- деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
samirabi
2020-05-29 12:17:34
Кошуна мамлекеттер менен салыштырбагыла да ,аларда калктын саны бизден канча эсе коп го
+3
forever88
2020-05-29 20:47:38
Силердин туу чокунар канча жолу болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан