Ухан вирусу: Дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 42 миллиондон ашты

Бүгүн, 24-октябрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 42 миллион 135 миң 911 болду. Анын ичинен 28 миллион 482 миң 313 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, 1 миллион 143 миң 399 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 8 миллион 487 миң 707 адамдан коронавирус аныкталды. 223 миң 914 адам каза болсо, 3 миллион 375 миң 427 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 7 миллион 761 миң 312 адамдан аныкталды. 117 миң 306 адам каза болсо, 6 миллион 948 миң 497 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Аталган өлкөдө 5 миллион 353 миң 656 адам вируска кабылган. 156 миң 471 бейтап көз жумса, 4 миллион 526 миң 393 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан