super.kg logo

БШК шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча кассациялык доо арыз менен Жогорку Сотко кайрылат

 

БШК шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча кассациялык доо арыз менен Жогорку Сотко кайрылат. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда БШКнын жумушчу тобунун мүчөсү Гүлнара Журабаева журналисттерге билдирди.

"Бишкектин административдик соту Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы менен "Актив" саясий партиясынын кайра шайлоонун мөөнөтүн дайындоо боюнча доо арызын канааттандырды. Алар БШК 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыктарын аныктабай туруп, кайра шайлоонун мөөнөтүн белгилеп жатканын доо арызында негиз катары көрсөткөн. Чындыгында, 2020-жылдын 6-октябрында БШК бардык шайлоо участкаларындагы шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарган. Бул шайлоонун жыйынтыгын аныктоо болуп саналат. 21-октябрда БШК кайра шайлоонун мөөнөтүн белгилеп жатып, 22-октябрда Жогорку Кеңеш конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам кабыл алынарын билген эмес. Мындай чечим менен БШК макул эмес. Буга байланыштуу БШК Жогорку Сотко кассациялык даттануу менен кайрылуу тууралуу чечим кабыл алдык. Түзүлгөн кырдаал боюнча Жогорку Кеңеш менен дагы талкуу жүргүзөбүз. Себеби алардын кабыл алган мыйзам долбоору БШКнын чечиминен кийин кабыл алынды. Бул жакта түшүнүксүз кырдаал жаралып жатат. Биз демократия жана "Актив" саясий партиясынын доо арызында көрсөтүлгөн негиздерге каршыбыз", - дейт Журабаева.

Эске салсак, 6-октябрда БШК алдыда өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. БШК кайра шайлоонун мөөнөтүн 2020-жылдын 20-декабрына белгилеген. Бирок Бишкек шаарынын административдик соту 24-октябрда БШКнын 21-октябрдагы кайра шайлоонун мөөнөтүн дайындоо боюнча кабыл алган чечимин жокко чыгарган.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
156034;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: