Ачкачылык жарыялап жаткан Алмазбек Атамбаев №47 абакка которулат. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мындай чечим бүгүн, 27-октябрда ЖАМКнын атайын комиссиясынын отурумунда кабыл алынган.
Кечээ, 26-октябрда экс-президент Алмазбек Атамбаев Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулган иши боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечиминин негизинде СИЗО-1ге алып келинген. Атамбаев ачкачылык жарыялаган.