"Apple" компаниясы коронавируска байланыштуу Кытайдагы бардык дүкөндөрүн жапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, компаниянын дүкөндөрү 9-февралга чейин жабылган. Айфондун басымдуу бөлүгү Кытайда чыгарылып, эки ири аппаратты чогултуучу ишканасы Ухан шаарынан 500 чакырым алыстыкта жайгашкандыктан, вирустун кулач жайышы смартфондорду өндүрүүгө чоң кедергисин тийгизүүдө. CNN маалымат агенттигинин билдиргенине караганда, Кытайдагы дүкөндөрүнөн түшкөн киреше "Apple" компаниясынын жалпы кирешесинин 15 пайызын түзөт.