Коронавирус аныкталган 2 жаран кичи ажылык зыяратынан келишкен. Алар Ноокат районунун тургундары

Кыргыз өлкөсүндө бүгүн, 23-мартта саат 18:00гө алынган маалыматка ылайык, дагы эки жарандан коронавирус аныкталды. Алар Ош облусунун Ноокат районунун тургундары. Жабырлануучулар 1960-жылы туулган аял жана эркек. Алар кичи ажылык зыяратынан 13-мартта келишкен. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Учурда Кыргыз өлкөсүндө 16 адам коронавирус менен жабыркап жатат. Мындан тышкары Пакистанда дагы бир Кыргыз жаранынан коронавирус аныкталган.


Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
elmira.
2020-03-23 19:09:02
Ноокаттын кайсы айылынан толук маалымат берсенер,элда сактанат...
+6
aliya-leyla
2020-03-23 19:21:39
Кудайым оору-сыркоодон алыс кыла кор. Сыноонду женил кыл.
+6
Aitunuk
2020-03-23 21:19:37
"Бейишке" чыгабыз деп жатышып, бүтүндөй мамлекетти дүрбөлөңгө салышты. Буларды жиберген турагенттиктерди жоопко тартыш керек. Казактар, өзбектер хадждабай эле отурушат го. Муфтият, турагенттиктер оозуна кум куюп алгансып отурушат, үн катпай. Тоодактар десе.
+2
Rakyl12
2020-03-24 09:57:34
Aitunuk,аны муфтия жонотпойт алар оздору эле тур агенттиктен кетишет.
0
Kitep
2020-03-24 07:29:57
Муфтият деп ооз коптурбойлу
Муфтияттан айтыштыго-Умрага баруучуларды муфтият жонотпойт экен,муфтияттын уруксаты да керек болбойт экен турфирмалар аркылуу гана барышат экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан