Самат Эркинбеков уулдуу болду. "Дарыгерлерден суранып жатып баламды көрүп алдым" дейт ал

Актёр, алып баруучу Самат Эркинбеков уулдуу болду. Кубанычы менен тең бөлүшкөн актёр, бүгүн, 29-октябрда Бишкектеги төрөтканалардын биринде жубайы көз жарганын айтып, буларга токтолду.

"Таңга маал жубайым Чолпонайдын толгоосу кармап, бир нече сааттан кийин уулубуз жарыкка келди. Пандемияга байланыштуу төрөткө катышкан жокмун. Доктурлардан суранып жатып баламды бир жолу көрүп алдым. Төрөткананын айланасында эле жүрөм, кем-карчын алып берип дегендей.

Баламды көргөндө чоң жоопкерчиликти сездим. Анын үстүнө көпкө күтүп жүрүп балалуу болгон сезим башкача болот экен. Учурда эне, баланын абалы жакшы", - дейт ал.

Самат Эркинбеков уулуна өзү азан чакырып ысым коёрун кошумчалады. "Балама кандай ысым ыйгарыларын азыр айтпай турайын. Буюрса, өзүм азан чакырып ысым ыйгаргандан кийин айтам", - деди ал.

Жубайлар 2015-жылы баш кошкон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Aimani
2020-10-29 12:13:30
Бешик боосу бек болсун.
+5
jaskaaa
2020-10-29 12:35:41
Ваай кандай соонун жанылык. Бешик боо бек болсун. Аман эсен чонойсун
+4
Bakbai
2020-10-29 13:54:05
Бешик Боонор бек болсун алтындарым .уулундун омуру узуун акылдуу,ден соолугу чын жигит болсун .Кыргыздын уулу болсун сыймыктанган
+4
daryaelim
2020-10-29 15:49:23
Бешик боонор бек болсун.УУлунуздар ата энени сыйлаган Кыргызстан мекенибиз учун кызмат кылган эр азаматтардан болсун
+2
Sara1993
2020-10-29 16:33:19
Аябай кубанычтамын, бактулуу, ыймандуу омуру узун болсун,дагы кооооп балалуу болушунуздарга тилектешмин.
+2
rola
2020-10-29 22:46:13
Омуру,ден-соолугу менен берген болсун.
0
umarlina55
2020-10-30 08:17:05
Ии коз тийбесин!Бактылуу балалыкта чонойсун
0
yalegenda
2020-10-30 10:32:18
Ылайым омуру узун, Ден соолугу чын,акыл эстуу болсун
0
Nuraika-R
2020-11-01 23:34:32
Омурлуу ыймандуу балдардан болсун Аллахым бизге да наристелуу болушту насип кылсын дуба кылып коюнуздар
0
ai_bi0914
2020-11-02 00:17:28
Бешик бооңор бек болсун!Көптөн күткөн наристеңердин келечеги кең болсун,өмүрү узун жана мазмундуу болсун.Бактылуу балалык каалайм.Эл уулу болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан