Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан мамлекеттик бюджетке 1 миллиард 1 миллион сом зыян келтирген кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, мурда белгиленген схема боюнча, Кытайга 180 миллион доллардан ашык каражаттарды мыйзамсыз чыгарып жүргөн кылмыштуу топ аныкталганы маалымдалат.
"Каражаттар сыртка сатып алынуучу товардын акчасы катары чыгарылып турган. 29-октябрда бул кылмышка шектелип акча каражаттарын Кытайга чыгарып турган А.У. аттуу жаран кармалып, Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Ал эми 30-октябрда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен аталган жаран №1 тергөө абагына киргизилген.
Учурда аталган схемага катышы бар жогорку кызматтагы адамдарды жана аталган каражаттын кайдан алынгандыгын аныктоо иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.