Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдады.
Талас облусунда – 2;
Ысык-Көл облусунда – 3.
Ал эми бир суткада стационардан 3, үй карантининен 6 медкызматкер чыгарылган.
Республика боюнча COVID-19 диагнозу 3 миң 654 медицина кызматкерине коюлуп, алардын ичинен 3 миң 445и сакайды.