"Аялы ажы тойго барган". Ноокатта милиция кызматкери аялы менен обсервацияга алынды

Ош облусунун коменданты Малик Нурдинов дубандагы кырдаал боюнча маалымат берип жатып, обсервацияга коронавируска шектелип бир милиция кызматкери аялы менен алынганын 4-апрелде айтты.

Түз эфир учурунда комендантка бир катар суроолор берилип, ал жоопторду узатты. Анын арасында "Анар кичи шаарчасында блокпосттордо тургандарга тамак-аш бергиле деген буйрук айтылып жатат, сиз ушундай буйрукту чыгардыңыз беле? Жашоочулар тамак таратыш үчүн алардын гигиеналык нормалары каралыш керек да" деген суроону жергиликтүү жашоочу узаткан.

Нурдинов мындай буйрук жок экенин айтты. "Блокпосттордо тургандарга тамак берүүгө тургундар милдеттүү эмес. Бирок айрымдар өздөрүнүн ыктыяры менен тамак алып келип жатышат, биз аларды артка кайтара алган жокпуз", - деди ал.

"Ош облусунун 3 милиция кызматкери карантинге алыныптыр. Алар ажы тойго барышкан деген сөз тарап жатат. Бул чынбы?" деген суроого комендант төмөндөгүдөй жооп берди.

"Ош облусунун милициясынын жана Ички аскер кызматынын кээ бир жоокерлери 3 күндүк карантинге алынды. Анткени алар кичи ажылыктан келген жарандарды коргоого алып, постто турушкан. Медициналык тартипке ылайык, алар жалпы кызматка киришерден мурун ушундай текшерүүдөн өтүшү керек. Болгону бир милиция кызматкеринде шек бар, ал Ноокат районунда, анын аялы ажы тойго барган экен. Аялы экөө обсервацияга алынды. Калган жоокер, милиция кызматкерлери ажыдан келгендерди тосуп, коргоп иштегендиктен текшерүүдөн гана өткөрүп жатабыз", - деди Нурдинов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
DanilAylin
2020-04-05 12:04:44
биздин айылда да жакшы адамдар коп экен,постто эртеден кечке кезерип турган милиция кызматкерлерине оз каалоосу менен тамак бышырып берип жатышат.Ал постто турган кызматкерлер уйлоруно да кетпей иштеп жатышат,эл учун,элдер мумкунчулугу барлар тамак ашын берип жатышат.
+11
sinej
2020-04-05 14:11:00
Динчилдердин сабатсыздыгы суйлогон созунон эле билинип турат.
+2
Kitep
2020-04-05 15:47:51
sinej,сабатсыздыгы деп кайсы динчилди айттын?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан