Бүгүн, 12-ноябрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 52 миллион 41 миң 515 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 33 миллион 870 миң 32 бейтап айыгып чыкса, 1 миллион 282 миң 184 (+12017) адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 10 миллион 392 миң 702 болду. 240 миң 919 адам каза болсо, 3 миллион 997 миң 175 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 8 миллион 636 миң 11 адамдан аныкталды. 127 миң 571 адам каза болсо, 8 миллион 13 миң 783 бейтап айыкты.
Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 5 миллион 747 миң 660 адам вируска кабылган. 163 миң 368 бейтап көз жумса, 5 миллион 222 миң 937 бейтап оорудан сакайды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.