Бүгүн, 11-апрелде айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев онлайн маалымат жыйын берди.
Министр күйүүчү май боюнча көйгөй болбой турганын айтты. Күйүүчү майдын баасы былтыркыга салыштырмалуу арзан болорун билдирди.
Ал билдиргендей, учурда 10 миң гектар жерге картошка отургузулуп калды. "Бул өткөн жылга салыштырмалуу 2 миң гектар жерге көп отургузулду", - дейт министр.
Чодуевдин айтымында, Айыл чарбасын каржылоодо - 8 программа иштеп жатат. Жеңилдетилген насыялар берилип баштады. "Айыл Банк" ААК, "РСК Банк"ААК аркылуу 525 миллион сом суммасындагы насыялар берилди. Азыр банктар иштеп жатат жана фермерлер насыя алууга кайрылса болот”, - деди ал.
Министр: "Пайдаланылбаган жерлер 3, 4 миң гектар жерге чейин азаят. Быйылкы жылдагы шартка жараша дыйкандар буудайдын аянтын да көбөйтүүгө аракет кылып жатышат", - дейт.
"Учурда өлкөдө 78 миң тонна минералдык жер семирткичтер бар. Жер-жерлерге берилип жатат. Доллардын курсу өсүп кеткенине байланыштуу жер семирткичтердин баасы 1-2 сомго кымбаттады", - деди Чодуев.
Министр үрөндүн тартыштыгы жок экенин айтты. "Дыйкандар буудайдын үрөнүн көбүрөөк сурап жатат. Божомолго караганда 5 миң гектар жерге буудай көп себилет", - деди ал.
"Жер-жерлерде жазгы талаа иштерин уюштуруу боюнча штабдар түзүлгөн. Жазгы талаа иштери өз нугунда өтүп жатат", - дейт министр.